www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук баалуулуктар тууралуу көп сүйлөйбүз жана сырттан таңууланган жат баалуулуктарга каршы чыгабыз. Ошол себептенби, Батышта өнүккөн демократия же акчага моюн бербеген соттор бизде тамыр жайган жок, бирок Батышта чыккан «Мерседестерди» минип, Батышта ойлоп табылган «Макинтошто» иштеп, Батыштан келген смартфондор аркылуу сүйлөшөбүз.

Мүмкүн, ошондуктан, манасчылар дагы мелдешке түшүп, батыштын рекорддор китебине кирүүнү чечти. Бирок «Манас» айтуу спорттон өйдө болуш керек ко, аны мектеп же институтта үйрөтө албайсың, бул өзгөчө касиет жана өлкөдө манасчылардын жаңы мууну пайда болуп, өзүнчө чөйрө да калыптанып калган.

Спортто кокустуктар болот, айрымдар мелдеш же машыгуу учурунда травма алат. Эми манасчылар дагы травма ала баштайбы деп ойлоп кетесиң, алар жашы же жөндөмү боюнча ар башка тайпага бөлүнүп, даражалар берилип, өспүрүмдөр менен бойго жеткендер ортосунда мелдеш өткөрүлүп, медалдар тагылып, разряддар берилип, биздин улуттук баалуулугубуз кадимки спортко айланып кетиши мүмкүнбү?

Последние новости