www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кышка даярдык үчүн бюджеттен 15,6 миллиард сом сарпталат

Энергетика тармагына жана 2022-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн бюджеттен 15 миллиард 612,7 миллион сом каралган. Бул тууралуу Каржы министрлигигинен билдиришти

Анын ичинен жыл башынан бери 9 миллиард 380,3 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинде «Кыргызтеплоэнерго» мамлекеттик ишканасына жылуулук энергиясын субсидиялоого - 1 млрд 374,4 млн сом (пландын 97,4 пайызы).

Калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу жылуулук менен жабдуучу ишканалардын жоготууларынын ордун толтуруу үчүн мамлекеттик ишканага дагы 165 миллион сом кошумча бөлүп берүү маселеси каралууда.

Бийик тоолуу, жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарда жашагандардын электр энергиясына болгон 50 пайыздык жөлөкпулун компенсациялоого 126,5 миллион сом которулду.

Дагы 1 миллиард 583,5 миллион сом республикалык бюджеттен каржыланган уюмдарга коммуналдык чыгымдарга бөлүнгөн.

Бюджеттик мекемелерге көмүр жана отундун башка түрлөрүн сатып алууга республикалык бюджеттен пландаштырылган 270,7 млн ​​сомдун 106,5 млн сому бөлүнгөн.

Электр энергиясын импорттоо, отун сатып алуу, Камбар-Ата ГЭС-1 жана Бала-Саруу ГЭСинин кичи ГЭСтерин куруу үчүн энергетика тармагына 11 миллиард 117,5 миллион сом бюджеттик ссуда берүү пландаштырылган. Анын ичинен 6 миллиард 190 миллион сом которулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости