www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Журналисттер союзунун мурдагы төрагасы, «легендарлуу» парламенттин депутаты, КР элчиси, профессор Тилектеш Ишемкулов: Акыркы мезгилде Батыш менен Чыгыш ортосунда, ар башка мамлекеттер арасында, ал эмес бир эле мамлекеттин ичинде дагы «маалыматтык» согуштар күчөдү, анткени саясий технологияларды пайдаланып, бир эле окуяны же фактты эл менен коомго ар башка, кээде карама-каршы өңүттөн түшүндүрүп-чечмелесе болот.

Кыргызстан дагы мындай маалыматтык согуштан четте кала алган жок, интернет менен социалдык тармактардын өнүгүшү менен өлкө аймагында жергиликтүү гана маалымат каражаттары эмес, чет өлкөлүк үлкөн агенттиктер, сайттар менен үналгы-сыналгы, блогерлер менен пиар адистери өз маалыматын таратууда. Анын баарын туура түшүнүү үчүн андай маалыматтан пайдалангандар билимдүү-илимдүү болуп, саясий тараптан кеңири көз карашка ээ болууга тийиш...

Последние новости