www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Владимир Зеленский Еврокомиссиянын чечиминен айланып өтүп, Украина данын импорттоого тыюу салган өлкөлөргө “цивилизациялуу жооп” берерин айтып, кекетти.

Зеленский өзүнүн Telegram-каналында Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйенге Украинанын айыл чарба продукциясын ЕБге импорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечими үчүн ыраазычылык билдирип, муну “чыныгы биримдиктин жана ишенимдин мисалы" деп атады.

Анын айтымында, “азыр Европа биримдиги эки тараптуу деңгээлде иштеши маанилүү”. “Эгер алардын (коңшулары – ред.) чечими Евробиримдиктин мыйзамдарына каршы келсе, Украина цивилизациялуу түрдө жооп берет”, — деди Зеленский.

Буга чейин Еврокомиссия Украинанын айыл чарба продукциясынын төрт түрүн биримдиктин бир катар өлкөлөрүнө импорттоого койгон чектөөсүн узартпай турган болгон. Бирок Киевди экспорттук көзөмөл чараларын киргизүүгө милдеттендирген. Анткен менен Польша, Словакия жана Венгрия 16-сентябрдан тарта Украинанын данын импорттоого тыюу салууну бир тараптуу узартты. Ошол эле учурда Будапешт Украинадан 24 товардын түрүн алып кирүүгө тыюу салды.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости