www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мурда чыгармалар тууралуу сүйлөшчү элек, азыр баары эле саясатты айтышат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку категориядагы ардагер диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев.

--“Мурда ыр обон тууралуу сүйлөшчү элек, азыр баары эле саясатты айтышат. Дос, чыгармачыл инсандар менен сүйлөшүп калганда обондор, ырлардын сөздөрүн талкуулачубуз. Ким жаңы чыгарма жаратса аны бири-бирибизге чалып жаңылык кылып айтчуубуз. Азыр болсо саясатты жаңылык кылып калдык. Бирок заман ушундай болуп калды. Ошондой эле, мурдагы маданият өкүлдөрү менен азыркы чыгармачыл адамдар башкача. Сахнада ырдап жүргөн ырчылар азыр тойдо ырдашат. Баркы жоктой болуп калды. Себеби, концертке эч ким барбай калды. Сахнада ырчы көп, эл жок. Тактап айтканда азыркы чыгармалар коммерческий болуп, сапатсыз. Биздин убакта ар бир искусство адамдар, ырлар атайын чоң комиссиядан өтчү. Кийин сахнага чыгып, андан соң элдин элегенинен өтүшчү. Бирок, ошол убакта эл бат эле айырмалап, таланттууларды тандап алышчу. Чындыгында ал кезде чыгармачылык деген чоң машакат эле. Бүгүнкү күндө коомчулук айырмалаганды билбейт, баарын эле чыгармачыл адам катары кабыл ала беришет”, - дейт обончу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости