www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан төрт адам жаракат алды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ок тийген бир кыргызстандык оор абалда Лейлек районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жатат. Экинчи жаран башынан жаракат алып, мээси чайкалган, үчүнчүсүнүн сол колу сынган. Булар учурда Самаркандектеги жалпы дарыгерлер практикалык борборунда дарыланууда. Ал эми төртүнчү киши медициналык көзөмөлдөн кийин үйүнө чыгарылган.

Учурда жаңжал чыккан жерде үч тез жардам бригадасы нөөмөттө турат.

Эгер жогорку квалифиакациялуу медициналык жардамга муктаждык жаралса Ош шаарынан адистер жөнөтүлөөрү белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости