www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: «Тажик тарап жалган маалыматтарды таратып жатат»

УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткендин Тажикстан менен чектешкен аймагындагы жаңжалда кыргызстандыктар курал колдонгон эмес, ошондой эле тажик тараптын абалды Кыргызстан курчутуп жатат деген маалыматы чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

«Тажикстан социалдык тармактарга «жаңжалды кыргыз тарап курчутуп жатат. Бул үчүн алыскы райондордон жарандарды алып келип, улуттар аралык кагылышууга себеп болууда» деп тараткан маалыматы чындыкка туура келбейт», - деп айтылат билдирүүдө.

УКМК толуктап берген маалыматтарга караганда, Ак-Сай айыл аймагындагы Ак-Суу суусунун жээгиндеги болжолдуу чек ара сызыгынан 2-3 метр аралыкта тажик жарандары шагыл жүктөп кетүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары бул суроо эки айыл өкмөттүн жетекчилери тарабынан макулдашылмайын ишти токтотуп турууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап буга макул болгон эмес.

«Ошол учурда чек арачылар курал колдонорун айтып, эскертүү беришкен. Коңшу өлкөнүн жарандары ошондо гана токтошкон. Андан кийин тажик тарап «Головной» суу таратуучу пунктунун аймагындагы мамыларга көзөмөл камерасын орното баштаган. Экинчи камера коюлуп жатканда Кыргызстандын Чек ара кызматынын жана Баткен облустук милициясынын өкүлдөрү барып, ишти токтотуусун талап кылышкан», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондон кийин эле аталган аймакка эки тараптан 100-150дөй киши чогулуп, бири-бирин ташка ала баштаган.

Окуя учурунда үч кыргызстандык жаракат алганы айтылат. Ал эми чек арачылардын сүйлөшүүсү учурунда Тажикстан тарап беш жараны жаракат алганын билдирген. Коңшу өлкөнүн чек арачыларынын айтымында, алардын бирине аңчылык куралынын огу тийген. Бирок УКМК кыргыз тарап ок атуучу курал колдонбогонун кабарлады.

Кыргызстандын Чек ара кызматы коңшу өлкөнү абалды курчута турган жалган маалыматтарды таратып, чагымчылдык кылбоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости