www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кирени кымбаттатууну ойлогондон мурда Бишкек мэри каттаган унаалар дайыма таза болуп, жүргүнчүлөрдүн талабына жооп бериш керектигин ойлосо. Ушул булганыч, ыплас түрү менен автобус 11 сомго, маршруттук таксилер 19 сомго кымбаттаганы турат. Кымбаттаса да автобус так сан 10 сомго, ал эми маршрутка 15 сомго кымбаттаса болмок.

«Ак шумкар» менен СДПК Бишкек мэрин талашып, Атамбаев Өмүркуловду мэр кылган

Атамбаев президент кезинде  ага жагыныш үчүн Бишкек мэри Иса Өмүркулов көпчүлүк элдин жакырчылыкта жашап жатканына карабай, жол кирени автобуска үч сомдон 8 сомго, маршруттук таксилерге 5 сомдон 10 сомго көтөрүп жиберген. Ал кезде мурунку мэр Нариман Түлеев Кытайдан жап-жаңы автобустарды алып келип, автобустар үчүн тарифти көтөрүп жатабыз деп айтууга болбойт эле. Ошол автобустарды алып келгени үчүн, тарифти көтөрөр менен Атамбаевдик коопсуздук кызматкерлери ал кездеги «Ата-Журт» партиясынан парламент депутаты Нариман Түлеевдин артынан түшүп, аны камап тынышкан. Бир топ жыл камалып чыккан соң Түлеев актыгын далилдеди.

Иса Өмүркулов өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келсе да өлкөнүн эң бай адамдарынын катарына кирээри аңыз болуп айтылып келе жатат. Артынан чуулгандуу кеп-сөздөр дайыма коштоп келет. Негизгиси, кесиптеши Ирина Карамушкина таамай белгилегендей, анын кубулма позициясы, саткындыгы. Мына өзүн бийик даражага жеткирген Атамбаевди сатып, «мен ансыз деле жогорку кызматтарды аркалап келгенмин» таризинде анын далысына ууланган канжарды матырды. Анда өткөн тарыхты эске сала кетели. 2010-жылы 7-апрелде кечки саат жетилерде «Ак-Шумкар» партиясынын элүүдөй мүчөлөрү Бишкек шаардын мэриясына бийликти өткөрүп алууга барышкан эле. Мэр Нариман Түлеев имаратты толук кулпулап, кызматкерлери менен мэрияны таштап кетип калган. «Ак-Шумкарчылар» кире албай турушса, аларга сырттан байкап турган ошол кездеги шаардык кеңештин төрагасы, кийин мэр болгон Азиз Суракматов басып келип, ачкычтарды Түлеев өзү алып кеткенин, бирок имараттын ичинде жоон топ спортсмендер бар экенин айтат. «Ак-Шумкарчылар» терезеден киришип, эшикти ачышат. Спортсмендер арткы эшиктен качып чыгышат. «Ак-Шумкарчылар» мэрдин эшигин талкалабоону чечип, жыйындар залын ээлешип, мурдагы шаардык кеңештин төрагасы, тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер Зоотбек Кыдыралиевди жаңы мэр кылып шайлашат. Ал командасы менен түнкү саат үчтөргө чейин иштеп, кайра эртеси саат сегиздерде келип, качып жүрүшкөн райакимдерди таап, шаардын кызматтарын ишке киргизип, абалды тездеп жөнгө сала баштайт. Бирок ошол күнү кечинде Убактылуу Өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри, СДПК партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев шаар мэрлигине Иса Өмүркуловду коём деп чыгат. «Ак-Шумкарчылар» өз лидерлери, УӨ мүчөлөрү, вице-премьер-министр Темир Сариевге жана Абдыганы Эркебаевге чыгышып, СДПК партиясы менен керек болсо тирешип-кармашып, мэрлик кызматка Кыдыралиевди сактап калаарын билдиришет. Ич ара чатак ырбап, бирок 9-апрель күнү Атамбаев өжөрлүккө салып, Сариев менен Эркебаевди «сындырып», өз максатына жетет. Ошол күнү саат ондо Атамбаевдин өтунүчү менен Өмүрбек Текебаев Иса Өмүркуловду мэрияга алып келип, аны Кыдыралиевдин ордуна олтургузуп кеткен. Атамбаевдин ошол жакшылыгын чанып, Иса Өмүркулов Атамбаевдин бийлиги тамам болгондо, саткынчылыктын символуна, «кыргыздын Иудасына» айланып калган. Иса Өмүркуловду маркум Чыныбай Турсунбеков спикер болуп кеткенде, анын ордуна парламенттеги СДПК фракциясына лидер кылган да Атамбаев. Анан ошондой саткын кантип Атамбаев бийликте турганда жол киренин тарифин көтөрбөсүн. Атамбаевге жагыныш үчүн Бишкек мэри жол киренин баасын асмандатып жиберген, тарых кайталанышы мүмкүн. Турмуш бумеранг эмеспи...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости