www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу Башкы Командачы Садыр Жапаров! Баткен облусуна «өзгөчө аймак» статусун бериңиз! Бул облусту «Өкмөттүн ыйгарым укуктуу Өкүлү» эмес, «КР Президентинин Толук ыйгарым укуктуу Өкүлү» башкарышы керек!

Ошондой эле, «Президенттин Толук ыйгарым укуктуу Өкүлүнө» өзүңүздө болгон укуктардын дагы жарымын кошо бериңиз! Айыл өкмөт башчыларынан баштап, аскердик офицерлерге чейин өзү кызматка коюп жана бошото ала турган укуктары болушу керек!

Анткени, коңшулардын аскери биз тарапка ок аткан учурда оозун ачып, Бишкектен буйрук күтпөй, оперативдүү чечим чыгарып, маселени жеринде чече тургандай болушу керек!

Дүйнөлүк тажрыйбадан карап көрөлү: коммунисттик Кытай Макао менен Гонконгду (келечекте Тайваньды дагы) өзүнө кошуп алган соң, ошол кездеги кытай лидери, улуу реформатор Дэн Сяопиндин демилгеси менен «Бир өлкө - эки система» доктринасын киргизген.

Жыйынтыгында Кытай өзү коммунисттик, ал эми Гонконг менен Макао Кытайдын ажырагыс бир бөлүгү эсептелип, бирок, мурдагыдай эле капиталисттик системасында калышкан.

Ошол сыяктуу эле биз дагы жердин шартына, элдин көйгөйүнө жараша Баткен облусуна «өзгөчө аймак» статусун берсек эмнеге болбосун?!

Баткен облусуна берилген өзгөчөлүктөр мисал үчүн төмөндөгүдөй болсо;

1. Баткен облусунун чегарага 5 км чейин жакын жерлердин баардыгы салыктан бошотулуусу керек!

2. СЭЗ, Промзоналар түзүлүп, Баткенге келип иштей турган ишкерлер салыктан жана текшерүүдөн бошотулуусу керек!

3. Пайдасы жок БатМУну жоюп эле, анын базасына Бишкектеги аскердик окуу жай көчүрүлүп келинсин!

4. Баткендеги банктар насыялардын пайыздык төлөмдөрүн 2%га чейин түшүрүүсү керек.

Ошондой эле, облус жетекчилигине кресло жетпей калган кайдагы бир чиновникти эмес, өз пикири бар, чечкиндүү жана реформатор-менеджерди дайындаңыз, мейли ал эски оппонентиңиз болсо дагы!

Алмазбек Сардеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости