www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ысык-Көлдөгү радио менен телеканалын биз ачканбыз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку категориядагы ардагер диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев.

--“Мен жаш кезимен баштап чыгармачылыкка аралашып, азыркыгы чейин ошол менен жашайм. Чыгармачылыкты баштаган адам алыстай албайт. Кыргызымдын залкарлары менен чогу жүрдүм. Көптөгөн чыгармаларды жаратып, алардын үстүндө иштеп, элге тартууладык. Кыргызстандын булуң-бурчуна барып концерт берген учурлар болду. Ал учурлар өзүнчө эле ырахат, эргүү эле. Эфирге чыксам ал өзүнчө укмуш маанай тартуулачу. 1973-жылы азыркы Балыкчы шаарына барып, телеканал ачып, аны түптөдүк. Башында өзүм диктор болуп эфирге чыгып жүрдүм. Акырындык менен журналисттердин санын көбөйтүп, чоң телеканалга айланттык. Азыркы Ысык-Көл облустук телеканалы. Менин бир тууган иним дагы диктор болуп көп жыл иштеди. Жаштыктын деми, шары менен жакшы иштерди баштап, кээбирине катышып, өлкөнүн алдыга жылышына салым коштук”, - дейт Чикеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости