www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-Абхазиянын президенти отставкага кетти

Абхазиянын президенти Рауль Хажимба өз ыктыяры менен отставкага кетти. Бул тууралуу абхазиялык басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мамлекеттик дачанын алдына чогулган митингчилерге парламенттин мурдагы депутаты Сергей Шамба чыгып, президенттин билдирүүсүн окуганын маалымдаганда оппозициянын өкүлдөрү максатына жеткенине кубанып, кол чаап жиберишкен.

2019-жылдын 8-сентябрында Абхазияда президенттик шайлоонун экинчи туру өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, анда элдин 47,39 пайыз добушун алып жеңишти Рауль Хажимба камсыз кылган. Ал эми "Амцахара" оппозициялык партиясынын лидери Алхас Квициния 46,17 пайыз добуш алып калган.

9-январда Абхаз драма театрынын жанындагы аянтта оппозиция өкүлдөрү президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана мамлекет башчысы Рауль Хажимбанын отставкасын талап кылган. Чогулган миңге чукул киши ошол эле күнү президенттин администрациясынын имаратын басып алган. Бир бөлүгү Хажимба жашаган мамлекеттик дачага кирүүгө аракет кылганда күч түзүмдөрү токтотуп калган.

Кийинчерээк Жогорку сотто оппозициялык "Амцхара" партиясынын лидери Алхас Квициниянын президенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таануу боюнча берген арызы канааттандырылып шайлоо кайрадан өтө турганы маалым болду.

Булак:NazarNews.kg
 

Последние новости