www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтүнүн Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов Жерүй кени боюнча келишимдин экономикалык жана экологиялык жагдайларын текшерген мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек деп эсептейт. Бузурманкулов мындай пикирин Facebook баракчасында түз эфирге чыгып айтты.

“Мамлекеттик комиссия түзүлүп, сүйлөшүүлөр жолу менен элдин пайдасына чечилиши керек. Муну акционерлер дагы туура түшүнүшү керек. Эгерде мыйзам жолунда иш алып барам дешсе... Мамлекеттик комиссия биринчи кезекте үлүш маселесин карашы керек. 2015-жылы өткөн сынактын мыйзамдуулугу, Жерүйдүн чыныгы кожоюну ким экендиги аныкталышы керек”, - деди Бузурманкулов.

Айбек Бузурманкулов Кыргызстандын коопсуздук кызматынын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, эгерде мамлекеттик комиссия түзүлбөсө, анда 2015-жылдагы кен жаатында өткөрүлгөн сынак боюнча кылмыш ишин козгоого чакырды.

Мурдагы облус башчысы Жерүй кенин иштеткен компанияда мамлекеттин үлүшү болушу керек деп эсептейт. Бузурманкулов өз кайрылуусунда Жерүй кенин иштетүүдө башка мамлекеттердин башчылары эч кийлигишпеши керек деген пикирин баса айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости