www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшалык жазуучу Якуб Шульчик аталган өлкөнүн президенти Анжей Дуданы кемсинткендиги үчүн сот жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, президент Дуда АКШдагы президенттик шайлоодон кийин «Джо Байденди президент болушу менен эмес, үгүт компаниясын «ийгиликтүү» жүргүзгөндүгү үчүн куттуктайм» деп жазган. Буга жооп катары Шульчик «Джо Байден АКШнын 46-президенти, а Анжей Дуда келесоо», - деп комментарий калтырган.
Прокурорлор жазуучунун мындай билдирүүсүн президентти кемсинтүү катары баалап, кылмыш иши козголгон. Мыйзамга ылайык, Шульчик 3 жылга чейин эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg