www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Салянованын өкүмүн жокко чыгарды

Жогорку сот мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча чечимди жокко чыгарып, ишти жаңыдан кароого жөнөттү. Бул тууралуу мамлекеттик айыптоочулардын тобунда айтылды.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн Жогорку сотто отурум болгон. Сот отурумунда жактоочу Р.Садыкованын соттолуучу А.Салянованын кызыкчылыгы үчүн берген өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылып, Ленин райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун чечимдери, КРнын Жогорку сотунун токтому жокко чыгарылып, кылмыш иши жаңыдан кароо үчүн Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, А.Салянова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлүү деп табылган. Атап айтканда, 2010-жылы юстиция министри болуп турганда Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын мыйзамсыз узартып берген. Сот аны кызы 14 жашка чыкканга чейин 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости