www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башка мамлекеттер Кыргызстанды кысып жатат. Бул тууралуу легендарлуу парламенттин депутаты, экс-министр, академик Жамин Акималиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--“ЕАЭБге киргенибизге 6 жыл болду. Ал учурда Алмазбек Атамбаев президент, Темир Сариев өкмөт башчы болуп турган. Бул биримдикке кирсек эле укмуш өнүгөбүз, жыргайбыз дешкен. Бирок эч кандай даярдыгыбыз жок шашып кирип алганбыз. Ошонун кесепетин азыр тартып жатабыз. Мүчө мамлекеттер Кыргызстанга дагы бирдей мамиле кылышы керек болчу. Тилекке каршы алар биздин өлкөнү кысып жатат. Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиктинин жыйынына барганда ачык айтып, элдин талабын колдоп келиши керек. Чындыгында 5 мамлекеттин улуттук киршесин алганда биз 2 пайызын гана түзөбүз. Негизи калктын санына карабай бирдей бөлүнүшү зарыл. Себеби, уставда жазылган. Мисалы, биримдикке мүчө болгон Казакстан бир канча жолу чек арасын жаап салды. Ун келбей эл ачка калып калды. Бул көрүнүш-биримдиктин тартибине кирбейт. Эгерде тең салмактуулук сакталбаса, биримдикке катышпай коюга болот. Ошондуктан Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрү бул маселени кабыргасынан коюп, чечип алууга тийиш”, - дейт экс-министр.
Булак: NazarNews.kg