www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде эки млн сомдук аткез товар кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунун Сай аймагында Тажикстандан мыйзамсыз жүк ташып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын 1990-жылы туулган Ж.Э.У.аттуу жараны кармалды. Кармалган жарандын башкаруусунда болгон «Мерседес-Бенц Спринтер» маркасындагы унаада жалпы салмагы 3 тонна лимон болгон. Бул тууралуу  Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Ошондой эле Баткен районунун Чоң-Талаа аймагында дагы төрт «Mercedes-Benz Sprinter» унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган.

Унааларды текшерүү учурунда жалпы салмагы 11 тоннадан ашык лимон жана бадыраң табылган.

Тажикстандан Кыргызстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган эки учурда тең жүктүн керектүү документтери болгон эмес.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган товарлардын жалпы наркы 1 млн 717 миң сомдон ашык болгон.

Тиешелүү документтер түзүлгөндөн кийин кармалгандар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости