www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир инсандын жашоосунда бир чалынуу бар, так ошондо кимдин ким экени даана билинет. Андыктан Райымбек Матраимовдун эң жакын пикирлештери Марлен Маматалиев менен АКШны сүйгөн Равшанбек Жээнбековду тамаша торго салууну чечтик. 

Р.Ж: --Марлен, саламатсыңбы?

М.М --Равшан ака жакшы, өзүңүз кандай?

Р.Ж: --Райымдан кабар алдыңбы? Мен кабар ала элекмин, биртике аласа-бересем бар эле, мүмкүнчүлүк болбой жатат. Барганга бет деле чыдабай, анткени билесиң да мен 8-мартта “минимитинг” кылган, кызыл, сары, көгүш түстөрдү анча-мынча колдоп жүрөм. Ага барсам мени батышчыл тарапташтарым жеп коюшпайбы?

М.М: -- Мен азыр Райымбек Исмаиловичке бармак тургай кечээ жакында “Райымбек Матраимовду тааныбаймын, бир эле жолу көргөнмүн” деп, коёндун сүрөтүн тартып балалыкка салып маек берип салгам...Сиз, эмне менен алексиз?

Р.Ж: --Тиги Кой-Таш окуясынан кийин эч кимге деле жакпай калдым, учурда “Апендинин жоруктары” деген китеп окуп жатам...

Марлен Маматалиев камырабай: -- Равшан ака, кофеден кере-кере ууртап унутуп калбагандай окуңуз, мен дагы Гир Кэтлиндин “Предательство. Утраченная история жизни Иисуса Христа», деген китепти окуп жатам...

Р.Ж: -- Иии, аны окуп “зачем”, бийликти алдаганга жакыныраак Валерий Шамбаровдун «Предательство в КПСС. Хроника разрушения СССР» деген китепти окусаң, бир аз болсо дагы тажрыйбаң ашат…

Марлен Маматалиев: --Эх байке бизге сиз окуган китептерге убакыт кетирип эмне кылам, мага “Апендинин жоруктары” менен “Алдар Көсөөнүн” китеби деле жетиштүү, - деп коёт имиш камырабай.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости