www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алай шайлоо округунан 5011 шайлоо тилкесиндеги электрондук урна бузулуп калган. Бул тууралуу байкоочу Сыягул Караман Facebook баракчасына жазды.
«Черный ящиктен дагы толуп калып, жараксыз бюллетендер чыгарылды. Партиялардын 46 добушу өлдү деген сөз.Эл туура эмес добуш бергенде, байкуш техника какалып-чакалып, жута албай, кара жашикти жараксыз бюллетендер менен толтуруп жатат. Эртеден бери экинчи ирет», — деп жазган ал.
Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Саат 8:00ден тартып өлкөдөгү 2435 шайлоо участогунда добуш берүү башталган. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүп жатат. Орусиянын Түштүк Сахалин жана Владивосток аймактарындагы шайлоо участокторунда добуш берүү аяктаганы кабарланды.
Булак: NazarNews.kg