www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын жараны бийликтен почта аркылуу антикоронавирустук карантин учурунда колдоо катары жөнөтүлгөн 1200 долларлык чекти өрттөп жиберди. Ал эркиндиги сатылбай тургандыгын билдирди. Нааразычылык акциясынын видеосу социалдык тармактарда жарыяланган.
“Бүгүн почтадан эмне алдым караңыз. Бул менин стимулум-бийликтен келген чек”,-дейт тургун.
Бирок, чек ээси бактылуу көрүнбөйт. Анын айтымында, бийликтегилер анын оозун жаап, эркиндикти тартып ала алышпайт. Эркиндик сатылбайт.
Акырында америкалык жаран чекти өрттөп салды. Ал эми видеотасмага түшүрүп жаткан кишинин “Муну кылба, мен алмакмын”,-деп сүйлөп жатканын угууга болот.
Изоляцияны сактаган жарандар бийликтен 1200 долларлык чек алышат. Ал “COVID-19 stimulus check” деп аталат.
Калктын көпчүлүгү акчаны азык-түлүк сатып алууга жумшашат. Чекти таптакыр четке кагып жаткандар бар. Ошентип, Техастын тургуну ага байланыштуу жүздөгөн хотдог жана бургерлерди сатып алып, аларды кошуналараныа даярдап берди.
Безмозглый реднек сжёг чек на 1200 баксов от Трампа со словами «Моя свобода не продается».
— Двач (@ru2ch1) May 2, 2020
Теперь будет побираться по соседям ради горстки крупы. pic.twitter.com/B5d9IuPb3a
Булак: NazarNews.kg