www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облустук милициясы интимдик кызмат көрсөткөн жайды аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын (ЭММКАК) кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында кыздарды ар түрдүү сексуалдык мүнөздөгү интимдик кызмат көрсөтүү жана сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жүргөн жаран боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты Жалал-Абад ОИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Ресупбликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

27-сентябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКнын кызматкерлери Жалал-Абад шаардык сотунун токтомунун негизинде Спутник кичи шаарчасында тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Контролдук сатып алуу атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында белгиленип берилген акча каражаттары, интимдик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акчалар, эсеп кылган дептер жана презервативдер алынган. Ошондой эле интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн кыздарды, сутенер болуп иштеген администраторлор кармалып, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстан Республикасынын келип, сойкулук менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.

Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости