www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ат-Башы районунда эмдөөдөн кийин чарчап калган наристенин апасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, дарыгерлерге чара көрүүнү суранды.
Маалым болгондой, 2023-жылдын 25-апрелинде Кара-Суу айылынын тургунунун бир жаштагы наристеси кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн.
Макурмун апасынын айтымында, дарыгерлер эмдөөнүн алдында баланы текшеришкен эмес.
“Эмдөөдөн кийин балабыз шалдырап, дене табы көтөрүлүп, райондук ооруканага алып бардык. Ал жактан жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Дарыгерлер так диагноз коё алышпай, ар кандай дары менен дарылай беришкен. Нарынга же Бишкекке алып кетели десек болбой кармап туруп алышты. Төртүнчү күнү балабыз шилекейин жута албай калганда Нарынга которушту. Ал жактан балаңар комага түшүп калган деп Бишкекке жөнөтүштү. Балабыз Жалдагы балдар ооруканасында 3 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, ойгонбой бизди таштап кете берди”,- дейт наристенин апасы.
Булак: NazarNews.kg