www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Австралияда 400дөй дельфин жээкке чыгып өлдү

Австралиянын Тасмания штатынын батышындагы өлкөлөр шаарында жээкке чыгып кеткен жүздөгөн кара дельфиндерди куткаруу боюнча масштабдуу операция башталды. Бул туурасында CNN басылмасы жазды.

Маалыматка таянсак, Австралиянын Тасмания арал-штатында болжол менен 380 дельфин жээкке чыгып өлгөн. 

Буга чейин Австралия тарыхында мындай масштабдуу окуя болгон эмес. Бир нече күндүн ичинде 470тей дельфин жээкке чыгып калган.

Жээкке чыгып калгандардын элүүсүн гана сууга түшүрүүгө мүмкүн болду. Куткаруучулар дагы отузун аман алып калууга аракет кылышууда.

"Алар дале тирүү, жээктеги тайыз сууда турат. Биз аларды куткарып калабыз деп үмүттөнүп турабыз. Бирок убакыт өткөн сайын алардын шайы ооп жатат", - деген тасмандык бийликтин өкүлү Ник Дека.

Куткаруу ишине 60ка жакын адам ​ыктыярчылар, полиция кызматкерлери, жергиликтүү балык чарбалардын өкүлдөрү, ошондой эле Тасмания парктарынын жана жапайы жаратылышты коргоо кызматынын кызматкерлери катышууда. Дельфиндердин жээкке чыгып кетишине эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, буга чейин 2018-жылы Жаңы Зеландияда 200 чамалуу дельфин-гринддер жээкке чыгып өлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости