www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элине белгилүү ак таңдай акын Азамат Болгонбаев, Өзгөндөгү болуп өткөн кырсыктан улам өзүнүн жер көчкүдөн жапа тарткандарга комуз менен кошуп көңүл айтты. Ыр саптарында:

Жашоонун гана жарыгы,

Жер көчкөн кырсык каптады.

Өмүрдун жарык ак таңы,

Өзөктү кырсык каптады.

Толкуган демин журтумдун,

Топурак көмүп таштады.

Кылыгы бузук кырсыктар,

Кыргыздан неге качпады.

Айнектей тунук балдардын

Ажалдын алды ач жаны, деген саптары камтылган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Ош облусунуну Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында көлөмү болжол менен 1 млн м3 болгон жер көчкү түшүп, болжол менен 7 турак үйдү басып калган.  Кырсыктын кесепетинен  24 адам жер көчкүнүн астында калган. 

Булак: NazarNews.kg

Айтылуу акын Азамат Болгонбаевдин комуз менен коштолгон армандуу жүрөк сыздаткан жана кыргыз элин акылга ынтымакка чакырган ырын төмөнкү тасмадан көрө аласыздар;

Последние новости