www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дача Су айылында болгон кырсыктан жабыркагандарга кыргыз эли жапа тырмак кол сунуп, жардам чогултушкан. Өзгөндөгү кырсыктан жабыркагандарга мурдагыдай активдүү жардам берүү, каражат топтоо иши болбой жатат. Мунун себебин мен мындайча түшүнөм.

Эл чогулткан 100 миллиондон ашык каражат, көп убакыт дарегине жетпей, бийлик элди какшатып, адилеттүү бөлүштүрүү болбогону - Өзгөндөгү кырсыкка дагы каражат топтоо натыйжасыз экенин, Кыргыз өкмөтү аркылуу чогулган каражат дарегине жетпейт экен деген өчкөн үмүттөрдүн жыйынтыгы. Элдин ишенимине, кол сунуусуна суу сепкен бийликтин кесепети жарандардын активдүүлүгүн жоготту.

Ошондуктан, Кыргыз өкмөтү аркылуу каражат чогултуудан чочулап жаткан мекендештер, башка ишенимдүү, дарегине жетчү жана адилеттүү бөлүштүрүп бере турган альтернативдүү сунуш айтыңыздар. Жер алдында өмүрү менен кош айтышып, жер үстүндө жакындарын жоготуп боздоп калгандарга мамлекет эртең эле жардам бере калышы күмөн. Көп түкүрсө көл дейт, андыктан аларга эффективдүү көмөк кылууну жапа тырмак ойлонолу. Бечарага бел, карыпка караан, кайгы баскан боордошторго жөлөк бололу. - деген пикирин билдирди Дайырбек Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости