www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу Президент!
Сизге ачык жеке кайрылууну чечтим. Себеби, кечээ жабыркаган элдин алдында "Эч нерсе колумдан келбесе да чындык маалыматты Сизге жана коомчулукка жеткизем" деп ошол жердеги акыбал боюнча так маалымат берейин, а мүмкүн ушул кайрылуумду окуп, тийиштуу чараларды көрүү үчүн тапшырмаларды берип калаарсыз.
Эмне үчүн жоопкерчиликтуу мамлекеттик орундагы бир дагы адам жок? Айыл аймактын башчысы жана ӨКМдин башкармалыгынын башчысы ошол жердеги изилдөө-куткаруу операциясын башкарып жатыптыр. Акимдин орун басары да жок экен, акимди айтпай эле коеюн. Өкмөттүн облусттук өкүлүнүн 3 орун басарынын бирөөсү да жок, өкүлдүн өзүн айтпай эле коеюн. ӨКМ министринин 4 орун басарынын бирөө жок, министрди айтпай эле коеюн.
Урматтуу Алмаз Шаршенович!
Бул эмне деген гана кайдыгерчилик?! 24 мекендешибиз каза болуп жатса, бир да жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматкерлер ошол азада кан жутуп жаткан элдин арасында болбосо, КИМ жооп берет?!
2008-жылы Аксы районундагы Райкомол айылында көчкү түшүп 15 адам каза болгондо, мен Өзгөчө кырдаалдар министри элем, орун басарым - азыркы Конституциялык соттун мүчөсү М.Ш. Касымалиев экөөбүз бир үйдө эле, полдун үстүндө түнөгөнбүз. Курамына губернатор, аким, раймилициянын жетекчиси, ж.б. баардык жетекчилер кирген атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөн жана мамлекеттик комиссияны жетектеп Мамлекеттик катчы келген.
2008-жылы Алай районундагы Нура айылында жер титиреп, 75 адам каза болду. Ошондо Ош облусунун губернатору, азыркы КСДП партиясынан Жогорку Кңешеке депутат болуп барган А.А.Карашев экөөбүз бир вагондо түнөгөнбүз, баардык облусттук деңгээлдеги жетекчилер ошол жерде эл менен бирге болушкан.Эртеси күнү Президент учуп келген. Жасалган жумуштар боюнча айтпай эле коеюн, эч ким нааразы болгон эмес.
Мен эмне үчүн булардын баарын жаздым. Себеби кечееги Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылындагы акыбалды көрүп өтө зээним кейиди.
Спикер, Өкмөт башчы, министрлер, губернатор, аким эмне, ал жерге барып сүрөткө түшүп, отчёт кылып коюш үчүн эле барыштыбы? Кайгыга батып, мүңкүрөп турган эл менен жок дегенде бирөөсү калып, баш-көз болуп, бирге болсо болбойт беле?! Өздөрү жылуу үйөо келип жатып алышты, а эл эмне болду? Палатка тиктик дейсиңер, анын ичине жатмак тургай ичи бүт баткак, ысык тамак-ашты айтпай эле коеюн, печка жок, свет жок, жылуу кийим-кече жок!
Урматтуу Президент!
Мамлекеттин күчүн, камкордугун, вазийпасын жабыр тартып, мүңкүрөп турган элге көрсөтүңүз. Ал эми жооптуу мамлекеттик кызматкерлерге мыйзам чегинде чара колдонуңуз!
Урматым менен Камчыбек Ташиев.
1-май, 2017-жыл.
Булак: NazarNews.kg