www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баарыбыз тең, Өзгөн районун, Аюу айылында табигый кырсыктан каза болгон 24 мекендештерибиздин сөөгү табылып, ак кепиндеп шарияттын жолу менен, акыркы сапарга узатсак деп тилеп турабыз. Кудай колдоп, ошондой болсо экен. Ал эми ӨКМ менен жергиликтүү бийлик  кооптуу делген канчалаган үй-бүлөөлөрдү чатырларга көчүрдү.  Жаратылыш болсо, кыргыз эли менен кошо кайгырып, жамгырын токмок турсун, кар жаадыртып жиберди. Чатырда жашагандар, кайгыга гана батып, тим болбостон, үшүп, эч кимге кереги жоктой, өздөрүн өксүктөй сезишип, каңырыгы түтөп турган чактары.

Эмне үчүн, жергиликтүү бийлик, ушундай суукта, Аюу айылынын тургундарынын абалына, текеберлик мамиле жасап жатат? Жок дегенде, мектеп болсо керек, жакынкы айылдарга, жылуурак, мектептин имаратына которушпайбы? Же, Өзгөн шаарынын тегерегиндеги айылдардын элине кайрылса, алар деле убактынча баш паанек беришет эле го.

Кыргыздын өзгөчөлүгү, башына мүшкүл иш түшкөндө, бири бирин колдоп, жөлөк-таяк боло алгандыгында. Аман калган жарандарыбызды, үшүтпөстөн, ансыз деле, алардын жан дүйнөлөрү кайышып турганда, болуп өткөн кырсыктан оолак, жылуу жерге көчүрүшүңөр керек деп эсептейм. Эгерде, жергиликтүү  бийлик, тез аранын ичинде, бул маселени чече албаса, Өзгөчө кырдаал министрлиги маселени чечүүнү колго алып, татыктуу чечип берээрине ишенели”, - деген пикирин NazarNews.kg маалымат агенттигине экс-депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости