www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеште “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев трибунада арманын айтып алды. Ал: “Мен 2010-жылы депутат болуп келгенде, ушул КСДПчылар мага асылчу. Анан 6 жыл бою бир нерсе болсо эле, бакиевчилер күнөөлүү деп айтышчу. Бакиевдин кеткенине 9 жыл болду.

Эми ушул КСДПчылар өзүңөр жаңы президентти алып келдиңер, биз утулдук, утулганыбызды тааныдык. Эми ушул эле КСДПнын мүчөлөрү кайрадан тополоң кылып атасыңар. Эмне, башка жумушуңар жокпу, башка маселе жокпу?”, -деп ал КСДПчыларга асылды.

Ошондой эле ал, “контрабанда боюнча эмнеге бир эле кишиге асылып калдыңар, ошол убакта Кулматов Бажыга төрага болгон. Башкасы премьер-министр болгон. Ошолордун баарын сурабайлыбы?

Мен дайыма айтып келем чыркырап контрабанда тууралуу. Эмне, контрабанда бүгүн эле чыга калдыбы?

Эми бир Саймаити деген алдамчынын айтканына ушунча дүрбөлөң болду. Ким ал?” –дейт эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости