www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте № 243 багытындагы коомдук транспорт кырсыкка кабылып, 3 киши жабыркады. Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 8-январда  саат 16:15 чамасында Байтик Баатыр менен Горкий көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.  Анда Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдун четиндеги тосмону, андан ары даракты сүзгөн. Рулду 37 жаштагы С.Т. башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жаракат алган. Алар баш сөөгүнөн жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Алардын бири 67 жаштагы аял болсо, экинчиси 14-жаштагы кыз болгон. Үчүнчүсү такталган жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости