www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-майда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара чырында тажик тарап өрттөп жиберген үйдө эки үй-бүлө жашап келген. Азыркы тапта аталган үйдүн тамтыгы калбай күйүп, жууркан-төшөк күлгө айланган. Бул тууралуу күйгөн үйдүн 78 жаштагы ээси Барака Хамдамова апа окуя жөнүндө социалдык тармактын колдонуучусуна айтып берген.
Анын айтымында, аталган үйдү алар ак эмгек, маңдай тери менен курган. Үй ээси октордун тарсылдаган үнү анын кулагында дагы деле жаңырып жатканын айтат. Себеби ок атышуу учурунда алар үйдүн ичинде жашынып каргашалуу окуяга күбө болушкан. Атышуу токтогондо, аларды аскер кызматкерлери үйдөн алып чыгып кетишкен. "Бул жагына да шүгүр, бала-чакам, өзүм аманмын, калганы табылат" дейт көз жашын тыя албаган эне.
"Пенсиямды жыйнап, ага килем, 20 миң сом насыя акча алып кошумча төшөк-жууркан кылдым эле. Үй жаңы болчу, аны араң дегенде 3 жылда бүтүргөн элек. Үй бүтүп, балдарыбыз чоңоюп калгандыктан, азбы-көппү ушуларга той кылып, кыздарыма сеп берип, көзү өткөндөргө аш да бергенбиз. Эми эле жыйынып, теринип олтурганда бул иш болуп кетти. Өзүм быйыл 78 жашка чыгам, абышкам бири кем 80 жашта. 2-3 күндөн бери абышкам чай да ичпейт, сарсанаа болуп, маанайы жок жүрөт. Өзүмдүн болсо башым ооруп төшөктөн тура албай жатам. Үйүм күйгөн, дубалдары эле калды. Кошунам Эсендики болсо күйүп бүтүп эч нерсе калбаптыр.
Азыр жергиликтүү бийлик үйдү бүтүрүп, жардам беребиз деп жатышат. Андан аркысын билбейм. Кудай эли-журт, тууган-урук, калкыма берсин.
Кечээ күйгөн үйгө айыл өкмөт, аким барды. Дагы башка чоң бар экен, ал унаасын зуулдаткан бойдон качып кетип калды. Акрам Мадумаров келиптир, бирок ал биз жакка келген жок.
Азыр күндүз үйгө келем, түндө эки белди ашып барып, балдарымдын үйүнө түнөп келип жатам. Кудагыйымдын үйүндө азыр аскер кызматкерлери жатат. Ал жерге 1990-жылдары келгенбиз. 30 жылдан бери ошол жактабыз, биз келгенде ал жерде эч ким жок, жер какыраган талаа болчу. Чек араны коруйлу, тажиктерге өтүп кетпесин, ага-ини, тууган-урук, бала-чака бар деп жашап келдик эле. Абышкам экөөбүздүн 11 балабыз, 2 небере жана 10 чеберебиз бар", - дейт кыргыз жерин сактагысы келген эне.
Эске салсак, чек арадагы жаңжалдан 4 киши жаракат алып, анын бири жай тургун болсо, үчөө аскер кызматкерлери болгон. Алардын экөөсүнүн абалы оор, бирөөсүнүкү өтө оор деп бааланганын саламаттыкты сактоо минситрлигинен билдиришкен.
Буга улай Откурбек Рахманов аттуу социалдык тармактын колдонуучусу төмөндөгүдөй билдирүүнү жазып чыккан.
Өрттөнгөн үйдүн сүрөт жана видеолорун бул жактан көрө аласыз.
Булак: NazarNews.org