www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-майда депутат Исхак Масалиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Аида Исмаилованы сынга алды.
“Аида Жекшенбаевна, өткөн жыйналышта мен сизден коронавируска каршы күрөшүүгө бөлүнгөн кирешелер жана чыгымдар тууралуу толук маалымат берүүнү сурандым эле. Сиз балким унутуп калгансыз же депутаттык адатты калтыра элексиз. Сизге эстетип коёюн, мага берсеңиз” – деди депутат.
Аида Исмаилова жазуу түрүндөгү маалыматты бере турганын билдиргенде Масалиев:
“Себеби, эл мен жолукканда, “кайдан канча акча түштү”, “каяка жумшалды” деп сурап жатышат. Анан ар кандай цифра болуп жатат.
Мен эч качан региондорду бөлгүм келбейт. Бирок алгачкы маалыматтар боюнча карантин учурунда эмнегедир Талас облусуна 290 тонна ун, ал эми Бишкекке 700 тонна ун бөлүнүптүр. Бишкекте өзгөчө кырдаал бар, Таласта жок. Борбордо 1 миллион калк жашайт, 100% жумушсуз калган. Теңдик кылып, кимде көйгөй көп болсо, ошого бериш керек болчу” – деп кошумчалады депутат.
Булак: NazarNews.org