www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бирок эки жыл аралыгында Өкмөт тарабынан эч кандай алгылыктуу сунуштар болгон жок” – деди депутат Алтынбек Сулайманов, бүгүн 12-майдагы 12-майдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынында. Эскерте кетсек, тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши тууралуу Премьер-министрдин отчетун угууда.
Депутат Премьер-министрге кайрылып жатып, жаңы чечимдер жок экенин белгилеп: “Өкмөт мамлекеттин үлүшү менен ишканаларды ачууда. Алардын көпчүлүгү дотацияда турат. Өлкөнү өнүктүрүү программасы жок, республикалык бюджетти экономиканы өстүрүүгө багытталган эмес. Кыргызстан тарыхындагы бир жылдан ашык кызматта олтурган үчүнчү премьер-министрсиз. Эки жылдан ашык убакыттан бери иштеп жатканыңызга карабай, ишиңиздин олуттуу жыйынтыгы болбой келет”, – деди.
Ошондой эле депутат Алтынбек Сулайманов “РСК”, “Айыл банк”, “Керемет” мамлекеттик банктары коммерциялык банктардай эле насыя берерине токтолуп: “Алардын айырмачылыгы насыялардын пайыздык ченинде болушу керек эле да” – деп кошумчалады.
Булак: NazarNews.org