www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Владимир Жириновский Кыргызстанга келүүнү суранган”, - деди бүгүн, 12-августта NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Ал күзүндө Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоо болорун айтып, талапкерлер ар кандай билдирүүлөрдү жасап элдин колдоосуна ээ болуунун айла-амалын таппай жатканын белгилеген.
“Маселен, Жириновский биздин мамлекетте орус тили кысымга алынып жатат деп ызылдады. Айрым учурлар үчүн мындай билдирүүлөрдү жасоо болбогон нерсе. Бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай эле. Кайсы бир талапкер адамдардын КМШ өлкөлөрү, мигранттарга асылган билдирүүлөрүнө таң калуунун кереги жок. Ал 2013-жылы биз Мосвага барганда Кыргызстанга келүүнү суранган”, - дейт депутат.
Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин алдында митинг өткөрдү.
Ал митинг Бишкектеги балдар оюн-зоок борборунда кардардын кызматкер кызды кыргызча билбегени үчүн эсептегич менен уруп жиберген окуяга байланыштуу каршылык акциясы катары уюштурулган.
--“Орустарды кысымга алуу учурлары кайталанып жаткандыктан бүгүн Кыргызстандын элчилигинин алдында каршылык акциясын өткөрүүдөбүз. Кечээ гана Бишкекте кыргыз орус кызга орусча сүйлөгөнү үчүн кол көтөрдү. Андан мурдараак орус баласы сабалган”, - деп жазган ал.
Ал Орусиядагы кыргыз мигранттарынын санын кыскартууну жана Кыргызстан менен экономикалык байланышты чектөөнү талап кыларын белгилеген.
Белгилей кетсек, аталган окуя 5-август күнү Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде болгон. А. Алимбаев аттуу жаран ал жакта иштеген кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн эсептегич менен уруп жиберген. Ал үчүн Алимбаев УКМКдан эскертүү алган.
Эскерте кетсек, 2013-жылы Жириновский Кыргызстанда “персона нон грата” деп жарыяланып, өлкөгө келишине тыюу салынган. Ага саясатчынын Кыргызстандын Орусияга болгон карызынын ордуна Ысык-Көлдү алуу керек деген билдирүүсү себеп болгон. Жириновский кескин, орунсуз билдирүүлөрдү жасаган саясатчы катары таанымал.
Булак: NazarNews.kg