www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Массалык мушташтарга катышкан мигранттар Россияга кирүү укугунан өмүр бою ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын вице-спикери Петр Толстойго шилтеме берип "Парламентская газета" жазды.

Депутат мигранттарга укук берүү менен бирге жоопкерчиликти дагы мойнуна артуу керек деп эсептейт.

"Чет элдиктер мыйзамды бузбай, ошондой эле мигранттар коомчулугун криминалдаштырбай жашашы зарыл", — деди эл өкүлү.

Эске салсак, июль айында Москва шаарында борбор азиялыктар эки жаатка бөлүнүп уруша кетишкен. Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан.

Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон. Сот 102 материалды карап, андан сырткары, кармалгандарды 15 күнгө камаган.

КРдин Ички иштер министрлигинин РФтеги өкүлчүлүгү мигранттарга кайрылып, мекендештерди Россиянын аймагында улуттук маселелерге тиешелүү жалган билдирүүлөрдү таратпоого жана бул өлкөнүн мыйзамдарын так аткарууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости