www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Абасы булганган мамлекеттерде вирус бат жайылат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.

--“Азыр бизде вакцина менен эмдеп жатышат. Шыпаасын берип вирусту алдын алсын дейм. Кыргызстанга май айында 2 миллион 600 миң доза вакцина жеткирилет дешти. Алар Улуу Британиянын “AstraZeneca”  жана Россиянын “Спутник V” вакцинасы келет экен. Учурда кыргызстандыктар Кытайдын “Sinopharm” вакцинасын алып жатышат. Алар кандай жардам берип жатканын билбейм. Эмдөө алгандардын арасында улуу муундагы адамдар бар экен, аларга жок дегенде кичине жардам болоор. Бул башка ооруларды козгоп, күчөтүп жиберет экен. Мунун баары келип абанын булганышынан болуп жатат. Абасы түтүн, кир мамлекеттерде вирус күч алууда. Маселенин баары сергек жашоодо болуп жатат. Азыр уйку бузулат, кечке чуркап жүрүп эле убакыт өтөт. Ичип жаткан тамак-аштарыбыз сапатсыз. Табигый тамактар менен азыктанышыбыз керек. Ири шаарларда адамдардын кыймылы аз. Аларда аба аябай бузулган, бак-дарактар жокко эсе, ошондо вирус бат жугат. Анткени адамдардын өпкөсүнүн төмөн жагы жараксыз болуп, вирус түшүп кетет. Кычкылтек жетпей калганда өпкө алсыз боло баштайт. Зат алмашуу болбой, баардык органдар жабыркайт”, - дейт Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости