www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенка айылындагы Гайдар атындагы мектептин бүтүрүүчүсү өзү окуган мектептеги билим сапатын сынга алды. Видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууда.

Ал мектепти эч качан жакшы көрбөгөнүн белгиледи.

«Айласыздан бул жерде окудум. Башка вариант жок болчу. Бизге англис тилин үйрөтүштү, бирок жыйынтык 0 же 1%. Дене тарбия мугалими сабакка учурунда спирт ичимдиги жыттанып турганы - уят. Бурчта тамеки чеккен мугалимдердин балдарга тамеки тартпагыла деп айтууга моралдык укугу жок. Он жыл мурун баскычтуу телефондорду колдонсоңуз, азыр манжа изи функциясы жана интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар смартфондорду колдоносуз, ал жерден каалаган маалыматты таба аласыз. Эми 10 жыл мурунку менен азыркы билимдин сапатын салыштырып көрүңүз. Эч кандай өзгөрүү болгон жок», - деди бүтүрүүчү.

Ошол эле учурда мектеп жетекчилигин жана мугалимдерди сынга таарынбоого чакырып, кандай болгон күндө да аларды сыйлай турганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости