www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлүнүн айтканы мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген жаман тенденция», - деди бүгүн, 17-июнда, NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.
Эрнест-мырза, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын атынан Донбасска жардам жөнөтүлүп, ал турсун «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлү тарабынан «Путин бизди (Кыргызстанды) өзүнө кошуп алсынчы» деп айтканы сайттарга жарыяланып кетти. Коомчулукта мындай чыккынчылыкты токтоткула деген коңгуроо кагыла баштады. «Бүтүн Кыргызстандын» мындай аракетине кандай баа бересиз?
- Булардын мындай аракетинен улам алар Кыргыз Республикасынын Конституциясын окуган эмес го деген ойго кептелип турам. Конституциянын преамбуласында, биринчи беренесинде «Кыргызстан суверендүү мамлекет...» деп так айтылган.
Ата-бабаларыбыздан калган аймакты бирөөгө кошуп, бөлүшөлүбү? Бул туура эмес. Муну жарыялагандар компетенциясы жок, демек, билими да жок адамдар болуш керек. Суверендүү мамлекет болушка дүйнө жүзүндө көп элдин эки көзү төрт.
Эмне деген башаламандык! Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз, суверендүү мамлекет. Менин оюмча, референдум өткөрүп, бул маселеге чекит коюш керек. Жалпы эл эч жакка кошулбайт. Ата-бабаларыбыздан калган жерибизди сактап калабыз дейт. Ошон үчүн кошуна мамлекеттерге жер сатып көнүп калгандарды жоопко тартыш керек! «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын өкүлүнүн айтканы мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирген жаман тенденция.
Эске салсак, буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Донбасска гуманитардык жардам жөнөткөнү айтылган.
Булак: NazarNews.kg