www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жер жөнүндө декрет», «Тынчтык жөнүндө декрет» менен ишин баштаган Лениндин бийлиги ал көз жумган соң да ленинизм менен ишин улантып жетимиш жылга созулуп барып соолуду. 2010-жылы 7-апрелде өздөрү камалып, туш-тарапта качып жүрүп, айдактап, арактарды кулкундарына куюшуп, колдоруна курал беришип бийликти алууга жөнөткөн жаштар бийликти алар менен пайда болушуп, бийликти, андан соң акчаны бөлүштүрүп киришти. Балким арамзалык менен элди дагы алдайлы дештиби, ошол күнү көзү жумулгандарды сөөгүн «Ата-Бейитке» берерде көздөрүн жашылдантып, акыйкат иштеп беребиз ыйлактап ийгендери менен, ичтеринен эми бийлик колубузга тийди, көрсөтөрбүз деп атышса керек. Анткени, кээ бир саясатчылардын айтуусу боюнча Бакиевдерге жалаа жабыш үчүн туш-тараптан өлүктөрдү чогултушкан. Бул «Апрель баатырлары» деген ыйык атты булгашып, үйлөрдү тоноп атып атылгандар, бомждар да кирип кетишкен.

Бул бийлик да мыйзамдуу бийликти кетирген соң, мыйзамсыз бийлик менен келишип, өз иштерин декрет менен баштаган.  2010-жылдын 7-апрелиндеги кан төгүлгөн мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке келишкен соң, мамлекет башчысына жетпей калган Атамбаев өлкөдөгү № 2 адам Данияр Үсөновдун ордун алат. Убактылуу Өкмөт жогорку билим барбы же жокпу, кошоматты жакшы жасагандарга министрлик постту да бере беришкен. Ошол үчүн мурдагы бийликте тургандар бүт тазаланып, жыты тааныштарга орун бошотуп берген. «Кыңыр иш кырк жылдан кийин» -дейт учурунда Бабырбек Жээнбековдун «Алиби» гезитинде иштеп жүрүп, 2009-жылдагы президенттик шайлоо алдында ал кездеги талапкер Атамбаевге өтө качып, маалымат майданында «Форум» деген гезитти түзүп, Атамбаевдин жеке колдоосу менен маданият министри болгон, Рыскелди Момбековдун диплому жок экенин жада калса жанында жүргөндөр да билген эмес. Атамбаевдин таманын жалап жүрүп СДПКдан депутат болуп жүргөн Иса Өмүркулов Бишкек мэрин алмак түгүл жакындарына туулган күнүнө акимдик кызматтарды «подарить» эткен. Адамдын чыныгы ниетин анын курулай сөздөрү жана убадалары эмес, ошол сөздөрдөн кийин жасаган реалдуу кадамдары жана иштери билдирип турат. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү курман болгондордун денелеринин жанында туруп ант берип да жиберишкен, өздөрү укуктук, демократиялуу мамлекет курушарын, анда бийлик элге таандык болуп, коррупцияга жана тар чөйрөдөгү адамдардын өз кызыкчылыктары үчүн башкаруусуна жол берилбесин айтышкан.

Ушундай капсалаңдуу учурда өз ишин мыкты билген Мелис Мырзакматов сыяктуу Ош мэри кызматынан четтебей койгон. Себеби, аны эл колдоп чыгарын билген. Мурунку президент Бакиев Бишкектен Оштогу резиденциясына келген учурда Убактылуу Өкмөттөн тайсалдабай Мелис Мырзакматов жылуу жүз менен тосуп алган. Арийне, Кыргызстан Түндүк-Түштүк эки лагерге бөлүнүп, жарандык согуш чыгып кетпешин алдын-алышкандар мурунку президенттин өлкөдөн чыгып кетишин камсыз кылышкан.Убактылуу Өкмөттүн эң алгачкы кадамдарына юридикалык баа берүү эле, алар өздөрүнүн эң башкы максаттарына – менчиктерди, бийликти бөлүштүрүп, Кыргызстандын бардык улуттук ресурстарын жеке өздөрү пайда табуу үчүн сатууга мүмкүндүк түзгөн мыйзамдарды жаратууга чечкиндүү түрдө бет алышканын күбөлөндүрүп турган.

Убактылуу өкмөттүн декреттерине мыйзамсыз акт катары көп адистер, саясат таануучулар жана юристтер өз бааларын беришкен, Көп адамдарга бул шашылыш кабыл алынган декреттер юридикалык сабатсыздык, убактылуучулардын жоопкерсиздиги жана да мындан дээрлик жүз жыл мурда болгон, романтикалуу сыяктуу сезилген революциялык демилгелерди ашкере тууроодой болуп көрүнүшү да мүмкүн эле. Ошондуктан Мелис Мырзакматов декреттен биринчи элдин чыныгы жашоосун эске алып, Бишкектеги жогорку бийликке салыштырмалуу өз алдынча Ош шаарынын бюджети менен элдин айлыгын көтөрүп бере баштаган.

Убактылуу өкмөттүн кийинки бардык аракеттери жана окуялардын өнүгүү логикасы, алардын мындай чарага алдын ала билип туруп, өлкөнү юридикалык коллизияга алып барып, туюкка камап салып, укуктук жактан башаламандыктардан пайдаланып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын, биринчи иретте мүлктүк кызыкчылыктарын канааттандырууга багытталгандыгын айкын далилдеп турат. «Жалындуу» декреттер шашылыш кабыл алынган соң, төңкөрүшчүлөр жалаң улутташтыруу маселелерине байланышкан декреттерге гана көңүл буруп олтуруп алышты. Жеке менчиктерди кайрадан бөлүштүрүү – «революциялык акыйкаттык» деген жалган жалбырак менен бул кызыкчылыктарын жабышка аракет кылышканы менен, убактылуучулар башынан эле дал ушунун өзүнө умтулушкан болчу.

Убактылуу Өкмөт декретке алаксып болуп жаткан иштерге көп маани берген эмес. Ошол эле Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов бир өлкөдө жашаган өзбек калкынын кээ бир лидерлери Бишкекке улам катташып Ак үйдүн билермандары менен каалашкандай маселелерди бүтүрүп келип жатканын, алдыда чоң жаңжаал боло турган баамдаган. Муну ал эмес тиешелүү комитеттерге билдирген. Бирок декреттерге алаксып турушкандар көңүл бурушкан эмес. Дал акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү ошол сыртынан кулакка жакшы угулган шылтоолорго өздөрүнүн абдан коркунучтуу максаттарын - мамлекеттин негиздерин жана укуктук системанын негиздерин талкалоо үчүн декреттер идеясын атайылап түртө салышканынан адегенде түшүнүшкөн да эмес. «Канчалык жаман болсо ошончолук жакшы» деген ураан, менин оюмча, Убактылуу Өкмөттүн аракетиндеги логиканы абдан так мүнөздөп турат. Болбосо анын мүчөлөрүнүн аракеттерин башкача квалификациялоо мүмкүн эмес.

Куралдуу күч колдонуп, бийликти тартып алган соң, Убактылуу Өкмөттүн алдында тандоо мүмкүнчүлүгү бар эле: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболордун чегине ылайык легалдашуу, же болбосо бардык укуктук принциптерди жана нормаларды тебелеп-тепсеп, конституцияны жана мыйзамдарды эсепке албоо жолу менен кетүү. Бийлик кылмыш жолу менен тартылып алынгандыктан, эч ким аларга тоскоолдук кылбагандыктан, убактылуучулар өз жоболорун мыйзамдаштырууга, өз абалдарын Кыргызстандын жарандарынын алдында, дүйнөлүк коомчулуктун пикиринде легитимдештирип алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бирок, алар башка бир шашылыш, ак жип менен тигилгендей, оркойгон сымал, өз ыйгарым укуктарын бекитүүгө шашылышты.

2005-жылдагы март революциясынан кийин, оппозициянын мурунку бийликке болгон мамилеси кандай болгонуна карабастан, тандоо жолу бирден-бир туура болгон - баарын тең Кыргызстандын иштеп жаткан мыйзамдарында каралган жол-жоболор алкагында чечүү деген. Алар парламентке барышты, өкмөттү түздү, премьер-министр президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Баары тең мыйзамдын так сакталышына ылайык жасалган. Албетте, ошондо деле оппозиция арасында кызуу кандуу адамдар бар эле, алар «декреттик жол» менен кетүүнү сунушташкан, бирок, көпчүлүгү мыйзам баарынан жогору экендигин тастыктап беришкен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости