www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын жаш ырчысы, Димаш Кудайберген "The singer" эл аралык сынагында "China Top music Awards" , “Азиянын эң көрүңүктүү таанымал ырчысы” номинациясын жеңип алды. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин биздин маалымат сайт, аталган жаш ырчыдан маек алганбыз. Биз менен болгон маекти Сиздерге кайрадан сунуштайбыз.

Жакында эле Кытайдын чоң сахнасына кадам таштап, жеңишке жетишкен Димаш Кудайберген NazarNews.kg сайтыбызга маек берди. Бөтөн өлкөдө өзүнүн талантын көрсөтүп, анын аркасы менен өз мамлекетинин желегин желбиретип жүргөн Димаш Кудайбергенов менен интернет аркылуу байланышып, акыркы жагымдуу кабарлары менен бөлүштүк.

- Салам, Димаш! Учурда Кытай жергесиндеги жеңишке жетишүүнү максат кылып жүрөсүң. Улуу мамлекет сени кандай тосуп алды?

- Кыргызстанга менден чоң салам! Ал жакта менин аз да болсо өз күйөрмандарым бар. Себеби, буга чейин Кыргызстанга бир нече ирет конкурс, концерттерге катышуу үчүн баргам. Бишкек, Ош, Ысык-Көлдү көргөм. Сиздер аркылуу жалпы Кыргызстан менен байланышып жатканыма кубанычтамын!

Ал эми Кытай жергеси мени абдан соонун тосуп алды. Бул өлкө да мага өзүнүн сулуулугу, өзгөчөлүктөрү менен мага жагып олтурат. Сынак болсо өз ритминде, ирээти менен өтүүдө.

- Интернет айдыңындан сени Кытай эли кызыгуу менен тыңдап, абдан жакшы колдоп жатканына күбө болуп олтурабыз. Бул сынакка кандай катышып калдың?

- Ооба, туура. Кытай элине абдан ыраазымын. Себеби, бул өлкөнүн маданиятка көңүл бурганы, ырчыларды сыйлагандары өтө башкача экен. Абдан маданияттуу өлкө экен деп жакшы баа бердим. Сынакка болсо интернеттин сыйкыр күчү менен катышып калдым. Бардык сынактардай эле анкета толтуруп, ырларымды жөнөтүп ж.б керектүү нерселерди жөнөтүп катышып калдым.

- Бөтөн өлкөдө өз өнөрүңдү тартуулоо бир топ кыйынчылыкты туудурса керек?

- Албетте, кыйынчылыксыз эч нерсе болбойт. Кандай күн болбосун өз өлкөңдү сагынасың. Өз өлкөңдө өнөр көрсөткөн керемет деңизчи. Бирок, мен үчүн бөтөн жерде өз өлкөмдүн намысын коргоп, талантымды тартуулоо чоң сыймык. Абдан көп жаңылыктар болот. Жакшы адамдар менен таанышасың, достошосуң.

- Бул сынакта улам бир жаңы образда, өзүңө жарашыктуу кийим-кечектерди кийип стилдүү болуп чыгуудасың. Сени көрүп “Мурдагы Димаш кайда?” деп олтурам...

- Кубанычтамын. Ар бир сахна образымды кытай элинин эң алдыңкы стилисттери, модельерлери даярдап жатышат. Өзүмө да абдан жагып жатат. Мындай жылуу пикирлерди угуу мен үчүн абдан жагымдуу.

- Сынактын жүрүшүндө “Витастай ырдай албайт экен” деп айткан адамдар көбөйүп, ырчынын продюсери жагымсыз комментарийлерди берген окуялар да болуп өттү. Бул нерселер сени сындырып койгон жокпу?

- Мен эч качан мындай нерселер үчүн сынбайм. Менин аркамда казак деген элим бар. Элим үчүн кызмат кылууну уланта берем. Ал эми Витастын продюсери тууралуу эч нерсе айта албайм. Бул маселелер көбүнчө менин продюсерлериме тийиштүү го деп билем.

- Баарынан да кызыгы атактуу актёр Жеки Чан менен болгон жолугушууң бир топ адамдарды таң калтырды. Бул жолугушуу тууралуу кеп салсаң...

- Жеки Чан менин эң жакшы көргөн актёрум. Ал тартылган бардык кино тасмаларды буга чейин көргөм. Чыгармачылыгы тууралуу толук кабарым бар. Жеки кытай теле каналдарынан менин сынакта ырдап жатканымды көрүп, жактырып өз үйүнө мейманга чакырды. Бул кабарды укканымда мен чынында ишене алган жокмун. Актёрду өз көзүм менен көрүп, жолугушкан соң гана ишендим. Ал жолугушуу менин өмүрүмдөгү тарыхый эсте кала турган күн болуп калат. Мага арнап бир нече белектерди тартуулады. Мен болсо казак элинин чапанын жаап, домбрасын белек кылдым. Кыялдар сөзсүз орундаларына дагы да ишенип калдым.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 

 

Последние новости