www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынын жыйынында депутаттар саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кечиккени үчүн урушту.

Парламентарийлер саламаттыкты сактоо тармагынын абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун карашты. Министр өзү спикер болуп жарыяланды, бирок ал жыйынга келе элек болчу.

"15 депутатты күтүүрүп коюп олтурасыз. Кабминге фракцияга бир жылда бир жолу барам жооп бероип койгула деп айтпайсызбы? Сиздер эмнени сунуштайсыз, кесиптештер?" - деп сурады фракция башчысы Бактыбек Сыдыков.

Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү министр 10 мүнөттөн кийин келип, отчет берерин билдирди. Маалым болгондой, ал ОЗП боюнча жыйында болгон. Депутаттар Саламаттыкты сактоо министринин жылуулук мезгилине эмне тиешеси бар экенин түшүнбөй калышты.

Жыйынтыгында Бейшеналиев трибунага чыгып, ага эскертүү берилди.

“Биз сизди ар дайым колдойбуз, бирок мындай кылбаңыз. Биздин фракциянын депутаттары сизге жардамдан башка, душмандык көз карашы жок. Биз дагы эл үчүн, элдин саламаттыгы бекем болсун деп иштеп жүрөбүз. Баягы баштаган реформаларды акырына чыгарыңыз. Экинчи мындай кылбаңыз”, - деди фракция башчысы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости