www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg агенттигинде 2001-жылы түзүлүп, казак шоу-бизнесине өзгөчө жаңылык киргизген “Музарт” тобу сыр бөлүштү. Аталган топ, кандайча атактуулук легендага айланган. Мына ушул сырларды ачыкка чыгаруу үчүн топтун солисти Сакен Майгазиевди кепке тартып, чакан маек курдук.

- Сакен, алгач “Музарт” тобуна кандайча келип калганың тууралуу кеп салып берсең...

- Мен бала чагымдан Мейрамбек Беспаевти кумир тутуп, анын ырларын көп тыңдачумун. Мейрамбектин домбра менен ырдаган ырларын аткарбаган айылда бир да жан болчу эмес. Биз академияда бирге окуп, биздин үндөр бирге жакшы угулаарын байкап калдык. Бири-бирибизди сындан өткөрүп, достошуп Мейрамбектин алгачкы жеке концертинде “Музарт” аттуу тиро түзүлүп жатканын жарыяладык. Биздин тагдырыбыз көрүүчүлөрдүн гана колунда экенин туйчубуз. “Эгер биздин ырдаганыбыз элге жакпаса, таркап кетебиз” деген ой да болгон. Алгач сахнага “Сенин көзүң” аттуу ыр менен чыкканбыз.

- Ийгилик дароо келдиби?

- Ооба. Биз көбүнчө эски ырларды аткарып чыгаар элек. Кийинчерээк заманбап казак композиторлору өз чыгармаларын сунуштап башташты. Биздин көпчүлүк хит ырларыбыздын автору- Улукпан Жолдасов, Арман Дуйсенов. Авторлордун биздин чыгармачылыгыбызга кошкон салымдары абдан зор.

- Күйөмандарыңыздын өзгөчө кылыктары эсиңизде барбы?

- Билесизби, музыканын чеги жок деп туура айтылыптыр. Жакында эле мага Кореядан бир кыз чалып, котормочусунун жардамы менен бизди сүйүп угаарын кабарлады. Андан соң атайын Алматага келип, биз менен жолугушту. Мен таң калдым. Узак аралык, башка улут, башка тил бизди ажырата албайт экен.

- Репертуарга ырларды кантип тандайсыздар?

- Муну менен биздин музыкалык продюсер Арман Бексултан иш алып барат. Ыр жагынан ал абдан катаал киши. Мындан сырткары биз ырдын сапатына, сөзүнө, обонуна терең маани беребиз. Айрым учурда жазылган ыр бизге жакпай калса, аны ырдап чыкпайбыз. Биздин репертуар жалаң гана казак тилинде. Бул нерсе биздин башка тилде ырдай албаганыбызды билдирбейт. Бул биздин тандообуз!

- Казак эстрадасын консерватизм үчүн абдан сындап келишет. Сиз буга кандай карайсыз? 

- Биздин эстрадада казак, орус ж.б деп бөлүнүү жок. Биз баарыбыз достошобуз. Дүйнөлүк жылдыздардын жанында туруп мыкты ырдай алган ырчыларыбыз абдан көп. Маселенин баары казак шоу-бизнеси абдан кичине экенинде. Эгер биздин саныбыз көп болсо, анда сапат мыкты болмок.

- Тойго көз кызмат кыласыздарбы?

- Азыр тойлор азайып калды. 2007-жылдын 7-июнунда биз бир күндө жети үйлөнүү үлпөт тоюнда кызмат кылганга жетишкенбиз.

- Топтун кандай кыялдары бар?

- Кээде биз көп акча таап, вертолет жалдап, кийим-кечек, аппаратураларды ага жүктөп Казакстандагы болгон айылдарга гастролдоп баргыбыз келет. Айылдар менен эле чектелбей, башка мамлекеттерге да барып концерт берүү кыялыбыз да бар.

- Бош убактыңызда эмне менен алексиз?

- Бош убактым дээрлик болбойт. Менин эң башкы хоббим-кичинекей чүрпөлөр менен сүйлөшүү. Кичинекей балдарды абдан жакшы көрөм.

- Жеке жашооңузда бактылуусузбу?

- Ооба. Айрым учурда мендей бактылуу эркек дүйнөдө барбы деп өзүмө суроо салам. Жубайым, балдарым менен бактылуу күн кечирип жатканыма шүгүр кылам!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости