www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Азиянын Борбордук зонасы боюнча чемпионаттын жеңүүчүсү аталды. Мелдеш ушул жылдын 19-августунан 24-августуна чейин Непалдын борбору Катманду шаарында 7 команданын катышуусунда өткөн. Кыргыз волейболунун өнүгүшүнө чоң салым кошкондордун бири, туура 10 жылдан бери Кыргызстандын волейбол федерациясын жетектеп келе жаткан, “өзүм саясатчы болбосом да, саясат мени саясатчы деп атап алган” деген Элмурза Сатыбалдиев спортчуларыбыздын жеңиши тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Биздин оюнчулар жеңишке жеткенде сүйүнгөнүмдөн ыйладым, көзүмө жаш алдым. Себеби, бул жеңиш чоң мээнеттин арты менен келди. Айрымдар ойлошу мүмкүн, торду тартып алып эле топ ойнойт берет деп, жок, андай эмес. Ар бир оюнчуну тарбиялап чыгыш үчүн эле канчалаган мээнет, убакыт керек. Бул жеңиштин артында чоң жумуш жатат. Ар бир спортчу, машыктыруучу бул жеңишке жетүү үчүн канчалаган тер төккөн. Ошондой эле, волейбол боюнча клубдар бар, ошол клубдардын жетекчилеринин, кызматкерлеринин эмгегинин үзүрү. Учурдан пайдаланып, ошолордун баарына ыраазычылык билдире кетейин - бул сиздердин салым, сиздердин жеңишиңиздер! Клубдардын президенттери өз иштерин жакшы аткарып жатышат, буга спортчуларыбыз жеңиш менен кайтканы далил. Андан сырткары, чет өлкөлөргө мелдештерге жөнөтүп жаткан мамлекетибизге, спорт агенттигине рахмат!

Волейбол командалык оюн, ар бир оюнчунун командада өз орду бар. Оюнчулардын орточо жаштары 24-25 жашта. Ошондуктан оюнчулардын кимиси эң мыктысы экендигин айтуу кыйын. Ошентсе да, кураманын капитаны Оңолбекти, команданын жүрөгү болгон Жамалбекти баса белгилеп кетем.

30, 60 миллион калкы бар өлкөлөрдүн курама командасын кичинекей Кыргызстандын оюнчулары барып нөл менен утуп жатса, аларга катуу эле тийсе керек. Андыктан катуу даярданышсын, кийинкиде башкаларга да ийгилик каалайбыз!

Негизи мен саясатчы эмесмин, мурда бийликтин жогорку бутактарында иштеп калгам. Кызматта иштеп жүргөндө волейболубуздун өнүгүшүнө колуман келишинче салым кошоюн деп, федерацияга барып калгам. Ошентип 10 жылдан бери волейбол федерациясын жетектеп келе жатам. Бул убакыт ичинде 3 жолу шайлоо болуп, баарында мени тандап алышты. Тилекке каршы, 2010-жылы төңкөрүш болуп кетип, ошондон бери мамлекеттик кызматтарда иштебей эле жүрөм. Бирок, баары бир дагы деле мени саясатчылардын катарына кошо беришет.

Эми жакын аралыкта эл аралык чоң мелдештер жок, октябрь айынын аягында же ноябрь айынын башында Кыргызстандагы волейболдун 90 жылдыгына карата чоң фестиваль өткөргөнү жатабыз. Андан кийин кийинки жылы боло турчу эл аралык чоң мелдештерге даярдыкты баштайбыз. Эл аралык деңгээлге чыгууга мамлекеттен, спорт агенттигинен колдоо керек, болбосо жалгыз адамдын колунан эч нерсе келбейт.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости