www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 25-август күнү волейбол боюнча курама команда чемпионаттан кайтып келди. Өлкөбүздүн волейбол боюнча курама командасы Азиянын Борбордук зонасы боюнча чемпионатка катышып, биринчи орунду камсыздаган.
Жеңүүчүлөрдү тосуп алууга “Манас” аба майданына волейболчулардын жакындары, волейбол боюнча федерациянын өкүлдөрү менен кошо көптөгөн күйөрмандар да барышкан. Күйөрмандардын көпчүлүгү колдоруна Кыргызстандын желегин кармап алышса, дагы бирлери бүгүнкү күндүн каармандарына гүл берип жатышты.
Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Оңолбек Курманбек уулу, "Өзүм Ысык-Көлдүн Оттук айылынан болом. Агамдын волейбол ойноп жүргөнүн көрүп, мен да кызыгып жүрүп эле ойноп калгам.
Башка көпчүлүк өлкөлөрдүн волейболчуларынын бойлору биздикине караганда узун болот. Аны волейбол боюнча федерациянын президенти Элмурза Ракиевич да жакшы билет да, ошондуктан мелдештерге аттанаар алдында ал дайыма төмөнкү сөздөрдү айтат: “Кыргыздардын бойлору кичине болсо да, жүрөктөрүбүз чоң. Биз жүрөгүбүз менен утабыз!”. Ушул сөз бизге чоң күч кубат берет", - деди.
Эске сала кетсек, КРнын Эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин кандидаты, мурдагы КР Башкы прокурору, генерал-лейтенант, Элмурза Сатыбалдиев 10 жылдан бери КРнын волейбол федерациясын жетектеп келет.
Булак: NazarNews.kg