www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда болжол менен эки жүздөн ашуун генерал бар, отставкадагылар менен кошо эсептегенде андан да көп болсо керек. Ар бир генералды багыш үчүн мамлекеттик бюджеттен канча акча кетет? Кээ бир генералды кызматтык машинеден эки-үчөө ээрчип жүрөт, эки-үчтөн адъютанты, үч-төрттөн  жардамчысы бар. Булардын барына мамлекеттен эмгек акы төлөш керек.

Канча Армия болсо ошончо генерал болуш керек, кошуна 2 миллиард калкы бар Кытай дүйнөдөгү эң зор Армиясы бар мамлекет, арийне алардын генералдарынын саны биздикиндей эле.

Бизде УКМКны полковник жетектеп турат, Түркмөнстанда Сапармурад Ниязовдун заманынан бери күч структураларынын жетекчилеринин наамы полковниктен жогору болбош керек. Ошондуктан биз деле бул ишти ойлонушубуз керек. Генералдар дүйнөлүк согуш учурунда саны көбөйсө болмок, жөн эле көңүл үчүн наамды тапшырып жатып, оюнчук кылып алдык. Жакшы иштебеген генералдардын наамын алыш керек. Болбосо башкаларга шылдың болобуз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, "NazarNews.kg"

Последние новости