www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтарынын айланасындагы бардык кырдаал саясий фактор катары күн санап жаңылыктардын түзүмүндө өз рейтингин жоготуп баратат. Бирок, анын хансарайындагы башаламандыкка катышкандардын суракка чакырылгандары улам көбөйүүдө. Алардын катарына «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложников, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, саясий-технолог Валентин Богатырев, жарандык активист Адиль Турдукулов жана башкалар бар. Алардын айрымдары күбө статусунда эле калып жатышса, айрымдары шектүү статусуна ээ болууда.

Мисалы, ошондой кылмышка шектүүлөрдүн катарына Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кошулду. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча ал Кылмыш кодексинин «барымтага алууга катышуу» беренеси менен шектелүүдө. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 22-августтан 8-октябрга чейин үй камагына алынды. 

Албетте, ал өз күнөөсүн мойнуна алгысы келбей турат. Бирок, ошол Кой-Таштагы окуя болгонго чейин, болуп жаткан убакта жана андан кийин сүйлөгөн сөздөрүндө чындыгында эле провокациялык мүнөз болгонун танууга болбойт.

Мисалы, 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген статусунун алынышы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында Ирина Карамушкина мындай деген: «Атамбаев суракка барбайт жана ал өзүн камакка алдырууга жол бербейт… Биз адамды жөн гана сындырып жаткан парламентке ишене албайбыз. Бүгүн Бакиевдер жеңишти майрамдап жатат жана Жээнбековдор ошол жылдагы революцияны тебелешти. Санкциялык парламент – өтө уят. Атамбаев эми бардыгын кайра оңдоого аргасыз жана ал жападан жалгыз башкы оппозиционер. Үй-бүлөлүк-кландык башкарууну түзгүсү келгендерге жана мыйзамсыздык жасап жаткандарга үчүнчү сабакты өтүүгө туура келет». 

Ал эми 3-июлдагы митингге мындай деген: «Биз эки жолу революцияны көрдүк. Биз жаңысын каалабайбыз. Бийлик сүйлөшүүлөргө барбай жатат жана биз деле эми сүйлөшүүлөргө аракет кылбайбыз. Саткынчы – түрү суук шерменде, аны эл жек көрөт. Биз органдар кандай иштеп жатканын көрүп жатабыз. Мен жигиттерден уюшкан аракеттерди талап кылам. Эч кандай мародерчулук болбошу керек». 

7-августта Атамбаевдин хансарайына «Альфанын» кызматкерлери барганда И.Карамушкина президент С. Жээнбековду «эгерде спецназды аркага алып кетпесең», «элдик трибунал» болот» деген кыязда коркуткан. 

Мындан сырткары ал социалдык түйүндөрдө да провокациялык постторду жазып, провокациялык интервьюларды да берген. Анын жогорудагы айткнадарындагы «үчүнчү сабакты өтүүгө туура келет», «жигиттерден уюшкан аракетти талап кылам» дегендери революция жасоого чакырык экени ачык эле көрүнүп турбайбы. Эгерде ал мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн адам болсо, анда АШАнын кызыкчылыгы үчүн өлкөдө дагы бир революция жасоого чакырык таштайт беле?

Мындан тышкары ошол Кой-Таштагы хансарайында Атамбаевди кармоо болуп жатканда, социалдык түйүндөрдө «фейк-аккаунттар» да элди бөлүп-жарган, башаламандыкка түрткөн, бийлик менен элди кагылыштырууну көздөгөн постторду жаадырып жатышты. Анда «Бийлик элди, аялдарды, балдарды спецназдар менен сабатып жатат» деген провокациялык сөздөр да болду. 

Мындан тышкары жакында эле Кой-Таш жана Арашан айылдарынын жашоочуларынын атынан делген президентке кайрылууну КСДПнын маалымат кызматы таркатты. Бирок, ал кайрылууда бир дагы адамдын колу коюлган эмес. 

Ал эми аталган айылдардын жашоочуларынын бул кайрылуу менен тааныштыгы да жок болуп чыкты. Себеби, айылдагылар өздөрүнүн тиричилиги менен алек. Демек, муну АШАнын маалыматчылары өздөрү эле жазып, анан айылдын элинин атынан жарыялап жатышат. Бул дагы провокациялык аракет болуп саналат. 

Ушундай аракеттерге карабастан элибиз азыр Атамбаев жана анын тарапташтары тууралуу маалыматты уккулары деле келбей калды. Тескерисинче, мындай бузукулардын мыйзам алдында жоопкерчилик тартышын, мамлекеттен уурдаган миллиодорун кайтарышын талап кылышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости