www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 26-августта, Ленин райондук сотунда мурунку шаар башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго тагылган кылмыш иштерин кароо процесси улантылды. Экс-мэрлердин ишин кароодо, айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев калыстык болуусу үчүн жабырлануучуларды сот процессине катыштырууну соттон өтүндү. Слесарев өз сөзүндө, “ушуну менен канчанчы жолу, соттук териштирүү болду. Биздин да жабырлануучуларга бере турган кайчы суроолорубуз бар”, –деп белгиледи. Судья жабырлануучулардын процесске келүүсүн камсыз кылууну мамлекеттик айыптоочудан суранып, бирок, айыптоочу жабырлануучуларсыз эле соттук отрумду уланта берүүгө мүмкүн экенин белгилеп өттү.

Эске сала кетсек, коррупцияга шектелип, Бишкек шаарынын мурдагы эки мэри камакка алынган. Бири Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушунда, экинчиси “Дастан” ишканасындагы шаймандардын орунсуз жок кылынышы жана муниципалдык жерди, жеке тарапка өткөрүүдө коррупцияга аралашкан деп айыпталышууда.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости