www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы мезгилде Солтон- Сарыда, андан мурун Макмалалтында болгон кагылышуулар кен иштетүү өнөр жайында кытайлыктарды чоочутуп койду. Эми алар өздөрүнүн кызыкчылыктарын сактап туруш үчүн, инвесторлорунун кызыкчылыгын коргоо максатында Бээжин Кыргызстандын парламентинде тиешелүү мыйзамдарды кабыл алдырышы мүмкүн дешет. Быйыл биздин депутаттар Кытайлыктар Кыргызстанга визасыз кирсин деген маселени көтөрүп чыгышкан. Кытайдын төртүнчү бөлүмүнүн акчасына кызыккан депутаттар бул мыйзамды кабыл алышы да мүмкүн, Кытайлык Куралдуу күчтөр мыйзамга шылтоолоп ишканаларын коргойбуз дешип Кыргызстанга кириши мүмкүн , бирок зор Армиясы бар Кытайды кайра кантип чыгармак элек.

Кытай мамлекетинин күч түзүмдөрү кайтарышына жол берген мыйзам иштелип чыгышы мүмкүн экени кабарланган маалыматка өкмөт жооп берди. Кыргыз өкмөтү «кытай инвесторлорун кытайлык күч түзүмдөрү кайтарат» деген маалыматты төгүндөдү. Ылайым ошондой болсун, бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Буга чейин айрым маалымат сайттары менен социалдык тармактарда кытайлык инвесторлорду Кытай мамлекетинин күч түзүмдөрү кайтарышына жол берген мыйзам иштелип чыгышы мүмкүн экени кабарланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости