www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Красноярск крайынын жашоочулары 23-августта губернатор Александр Усстун кызматтан кетишин талап кылып кайрадан митингге чыгышты.
Эске салсак, 1 айдан бери эл губернатордун жумуштан кетишин талап кылып келе жатышат. Губернатор Усстун карапайым калкка бой көтөргөндүгү, кырс мүнөзү, анын кесиптик деңгээли региондун башчылыгына татыксыз экендиги айтылып келген.
Ошондой эле бул сапар чоңдордун катарында, 7 жашар кыздын дагы турганын көрбөй коюга мүмкүн эмес эле. Анын журналисттке берген маеги “Ютубда” пайда болду. Бөбөк, өзү колго тартып алган транспарантын көтөрүп турган. Буга кызыккан журналисттин, “сен эмнеге мындай сүрөт тартып алдың?” – деген суроосуна:
"Эмнеге дегенде, биздин губернатор кичинекей бала эмес. Чоң эле адам, бирок, өзүн “свинтус” (чочкодой кадамга барган адам (ред.)) сыяктуу алып жүргөнү жакпайт. Айткылачы, ушундай кимдир бирөөнө жагабы? Жок, албетте. Бул керек болсо мага дагы жакпайт. Эмнеге мындай? Анткени биздин губернаторго акча керек! Анан ал өзүнүн куулук жолдору менен акчаларды ала баштайт. Анын мындай куулугу бизге жакпайт. Себеби, ал ууру, уурдайт!
Менин атым Анфиса, 7 жаштамын. Анан дагы айткым келет. Биздин губернаторду түрмөгө камашын каалайм! – деп жооп кайтарганы коомчулуктун оозун ачырды.
Булак: "NazarNews.kg"