www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Текебаев менен Чотонов Атамбаевдин президенттик кылып жаткан учурунда орусиялык жаран, бүгүн ал жакта алдамчылык боюнча атагы чыккан Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы февралда камалып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Жактоочулар аты аталган саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышты. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен башталат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароону 29-августка белгиледи. Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, "NazarNews.kg"