www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер шаарынан миң кылым алыстыкта турган жаңы планетаны байкаган мектеп окуучусу окумуштууларга жардам кылды. Бул тууралуу NASA тараткан маалыматта айтылат.

Анда айтылгандай, Америкалык 10-класстын окуучусу Вoльф Кукeр 2019-жылдын жай мезгилинде эки айлык тажрыйба алууга НАСАнын чакыруусун алган. Июнь айында Годдард атындагы Нью-Йорктогу Космоско учуу борборуна келип, анда жылдыздардын өзгөрүүсүнө байкоо жүргүзгөн.

Окуучу алгачкы күнү эле өзгөчөлөнгөн эки жылдызга кызыга баштаган. Ал эми үчүнчү күнү эки жылдыздын бириндеги кызыктай көлөкөнү байкап калат. Анткен менен бала аны “жылдыздын тутулуусу”, -деп болжолдогон. Бирок НАСА кызматкерлери ал мурда белгисиз болгон жаңы планета экенин айтып чыгышты.

Илимпоздорго белгилүү болгон ал планета күндөн 10%га, жер шаарынан 6.9 эсеге чоң жана жерден 1300 жыл алыс аралыкта турат. Ошондой эле анда суу жана микрooрганизмдердин өсүшүнө шарттар болушу толук мүмкүн экени болжолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости