www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гавайиде Килауэа жанар тоосу атылды. Бул тууралуу 7-июнда АКШнын Геологиялык кызматы өз сайтында билдирди.

Болжол менен таңкы саат 4:47де (ред. Бишкек убактысы боюнча 20:47де) АКШнын Геологиялык кызматынын жанар тоо обсерваториясы Килауэанын чокусунда атуунун башталышынын мүнөздүү жарыгын каттады, деп айтылат маалыматта.

Агенттиктин маалыматына караганда, атылып кеткен учурда лава агымынын активдүүлүгү жанар тоонун айланасындагы кратердин түбү менен чектелген. Ошол эле учурда жарылуунун алгачкы этаптары адатта динамикалуу болоору, андыктан обсерватория жанар тоонун активдүүлүгүнүн мындан аркы өзгөрүүлөрү тууралуу маалымат берери белгиленген.

АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, Килауэа акыркы жолу январь айында атылып, март айына чейин активдүү болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости